Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

Казакстанды багындырган кыргызстандыктар


Кыргызстандык жаш суучул Никита Пауков сууда сүзүү боюнча Казакстандын ачык биринчилигинде 5 алтын медаль жеңип алды.

“Достук, ынтымак, бирдиктүү Кыргызстан” - баскетбол мелдеши

Ош шаарында ноябрь айында “Достук, ынтымак, бирдиктүү Кыргызстан” аттуу баскетбол боюнча турнир өтөт. Бул туурасында өлкөнүн баскетбол федерациясынын вице-президенти Бактыяр Кадыров “Азаттыкка” билдирди:

- Аталган турнир Кыргызстанда спортту өнүктүрүү долбоорунун алкагында өткөрүлүп, АКШ элчилиги демөөрчү болот. Ага өлкөнүн баскетбол боюнча улуттук курама команданын оюнчулары, машыктыруучулар, калыстар катышат. Иш-чаранын алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдыруу планы бар. Анда баскетбол коомчулугу менен жолугушуулар, чеберлер класстары, сергек жашоону жайылтуу боюнча маектешүүлөр болот.

Баскетбол мелдештеринин максаты – Кыргызстанда спортту өнүктүрүү, калк, өзгөчө жаштар арасында баскетболго кызыгууну жана улуттар арасында достукту чыңдоо болуп саналат. Былтыр кыргызстандык 8 баскетболчу АКШда машыгууларды өткөрүп, тажрыйба топтоп келишкен. Быйыл да түштүк жергесинде баскетболду өнүктүрүү долбоорун колдоого алууга АКШ демөөрчү болууда. Ошондуктан Кыргызстанда баскетболдун деңгээлин көтөрүү үчүн ноябрда америкалык адистер келип, Ошто окуу-машыгууларды өткөрүп, чеберлер классын ачышат. Бул иш-чаралар элдердин ынтымагына, достугуна салым кошуу максатын көздөйт:

-Ала-Тоонун облустарын кыдыруулар ноябрь айынын ортосунда, ал эми турнирди ошол эле айдын аягында өткөрүү пландаштырылып жатат”,- деп кошумчалады Бактыяр Кадыров.

Каармандарды эскерүү турнири

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда апрель жана июнь окуларында курман болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган жеке таймаш боюнча өлкө биринчилиги өткөрүлдү. 52 кг. салмакта Сулайманкул уулу Турат, 56 кг. салмактагы Рыспек уулу Эрлан, 60 кг. чейин Рустам Ибрагимов, 65 кг. Субанбек Божоев, 71 кг чейин Рафаэль Физиев, 78 кг чейин Нурлан Азимбаев, 86 кг. салмакта Чыңгыз Нусупбаев жана башкалар жеңүүчү болушту.

Таймаштар ошондой эле кыз-келиндер арасында да өтүп, Алина Карасартова жеңүүчү деп аталып, баш байгенин ээси болду.

Грекиядагы дүйнөлүк акыл таймашы уланууда

Кыргызстандык жаш шахматчылар шахмат боюнча дүйнө чемпионатына катышууда. Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Грециядагы Халкидики курортунда 20-октябрда башталып, 30-октябрда жыйынтыкталат.

Өлкөнүн атынан 12 жаштагы Айдар Кененбаев, Тагир Таалайбеков, Адилет Үсөнов жана Эсенбек уулу Бакай дүйнө чемпионатына катышып, мөрөй талашууда. Ошондой эле 16 жашка чейинки кыргызстандык Алымбай кызы Айжан, Каныбек Иманалиев жана башкалар да Грецияда өлкө намысын коргоп, жоон ортодо жүрүшөт.

Мексикадагы олимпиадалык Конгресс

27-ноябрда Мексикада улуттук олимпиада комитеттеринин эл аралык ассоциациясынын Конгресси жыйынытыкталат. Мында 205 улуттук олимпиада комитеттеринин аткарган иш-аракеттери талдоого алынып, келечеги талкууга алынууда. Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун маалыматына караганда, Улуттук олимпиада комитеттеринин эл аралык ассоциациясынын президенти Марио Васкес Ранья төрт жылда аткарган иш-аракеттерин баяндап, дагы төрт жылга жетекчи болуп шайланды.

Мирлан Эшенов - эл аралык футбол адиси

Футбол боюнча өлкөнүн уландар тандалма командасынын машыктыруучусу Мирлан Эшенов Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өтө турган “Болочок устаттар” долбоорунун ноябрь айынын башындагы жыйынтыктоочу этабына катышмакчы. Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында, Мирлан Эшенов Малайзиядан сынактарды ийгиликтүү тапшырса, “В” тобундагы машыктыруучу деген жолдомо алат. Ошондой эле ал 8-декабрдан 15-декабрга чейин Испанияда өтө турган машыктыруучулар окуусуна бармакчы.

Саиданын жеңиши

Алматыда үстөл тенниси боюнча “Түштүк борбору” эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Мында Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандан тандалган спорт чеберлери мөрөй талашты. Натыйжада бишкектик Саида Кудусова баш байгени жеңип, Кыргыз туусу обого көтөрүлдү.

Жеңишбек Таласбаевди эскерүү эл аралык мелдеши

Бишкекте үстөл тенниси боюнча биринчи спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Мында Орусия, Иран, Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандан тандалган спорт чеберлери өнөрүн көрсөтүштү.

Элүү жашка чейинки спорт чеберлеринен түркмөнстандык Рашид Ахмедов баш байгени олжолоп кетти. Ал финалда кыргызстандык Алишер Якупбаевди утуп алды. Элүү жаштан жогору ардагерлерден бишкектик Беделбек Кудайбергенов биринчи орунду ээледи. Жуп болуп мөрөй талашууда кыргызстандык Саида Кудусова менен түркмөнстандык Рашид Ахмедов баш байгеге арзыды.

Теннистен өлкө чемпиондору

Бишкекте чоң теннис өлкөнүн чемпионаты аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. 85 спортчунун мөрөй талашуусунун жыйынтыгында эркектерден Данияр Дулдаев, кыз-келиндерден Жамиля Дүйшеева 2010-жылдагы Кыргызстандын чемпиону аталды. Жуп болуп теннис таймашуусунда Асхат Шайхулин менен Денис Сиротин биринчи орунду камсыз кылды. Кыз-келиндердин жуп мелдешинде Инна Волкович менен Нелли Буюклянова өлкө чемпиону аталса, Жамиля Дүйшеева менен Эрика Теңизбаева күмүш медаль тагынды.

Стамбулдагы теннис таймашы

Кыргызстандык теннис чебери Ксения Палкина Стамбулда өтүп жаткан эл аралык мелдешине катышууда. Ал алгач болгариялык Изабелли Шиникованы 6:4 эсебинде утуп алган. Экинчи атаандашы өзбекстандык Нигина Абдураимова чеберчилигин көрсөтүү менен 7:6 эсебинде Ксенияны утуп алган. Эми кыргызстандык Ксения Палкина түркиялык Пемра Озген менен күч сынашканы турат.
Ошондой эле жуп болуп мөрөй талашууда Ксения Палкинанын өнөгү германиялык Синой Хаас болуп, алардын алгачкы атаандашы украиналык Юлиана Федак менен хорватиялык Анна Врлжич болмокчу.

Келечегинен үмүткөр суучулдар

Кыргызстандык жаш суучул Никита Пауков сууда сүзүү боюнча Казакстандын ачык биринчилигинде 5 алтын медаль жеңип алды. Ал 100,50 метрге эркин ыкмада сүзүүдө 50 метрге брасс жана баттерфлей ыкмасында, 50 метрге чалка чабак урууда марага биринчи келди. Ошондой эле кыргызстандык Владислав Шулико да 4 алтын жана 1 күмүш байге жеңип, келечегинен үмүткөр кылды. Кыргыз өспүрүмдөрүнөн Азиз Сансызбаев 4 күмүш медалдын ээси болду. Сууда сүзүү мөрөй талашууларына 9-10 жаштагы Казакстан менен Кыргызстандын жети командасы катышты. Кыргызстандын намысын байгелүү орундарды ээлеген үч спортчу гана коргоду.
XS
SM
MD
LG