Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Францияда пенсиялык реформа мыйзамы акыркы ирет колго салынат


Француз парламенти өлкөдө ири нааразылык акцияларын жана иш таштоолорду жараткан мыйзам боюнча бүгүн жыйынтыктоочу добуш берүүнү өткөргөн жатат. Буга чейин парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталары документти өз-өзүнчө жактырган. Бул аралыкта француз профсоюздары эртең бүткүл өлкө боюнча жаңы демонстрацияларды уюштурууну мерчемдөөдө. Бирок негизги иш таштоолор аяктап, нааразылык кыймылдары эл аз келгендиктен буга чейинки кубатын жоготконунун белгилери байкалууда. Франциянын иш таштоолор учурунда жабылган мунай тазалоочу 12 заводунун бешөө кайра ачылды. Талаштуу мыйзам боюнча Францияда жарандардын пенсияга чыгуу курагы 60тан 62 көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG