Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Киевде кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өтүүдө


Киев шаарында кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин “Көчмөндөр” аттуу көргөзмөсү уланууда. Көргөзмө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Көргөзмөгө сүрөтчүнүн “Манас” эпосуна, этникалык темаларга, Ысык-Көлгө, Ч.Айтматовго жана дүйнөдөгү элдерде кездешкен уламыштарга арналган эмгектери коюлган. 22-октябрда ачылган көргөзмөгө Украинанын белгилүү мамлекеттик, маданий жана коомдук ишмерлери чакырылып, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эркин Мамкулов да катышты. Көргөзмө 30-октябрга чейин уланмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG