Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Индонезияда цунами жана жанар тоо атылышынан ондогон адам каза тапты


Расмий маалыматка караганда, өлкөнүн Ментавай деген аралында күчү 7,7 баллды түзгөн жер титирөөнүн артынан келген, бийиктиги 3 метрлик суу толкунунун соккусунан 150дөн ашуун адам өлүп, 400 адам дайынсыз жоголду. Цунами бул алыскы аралдан кеминде он чакты кыштакты жууп кеткен. Куткаруучулар учурда аман калгандарды издөөдө. Мындан сырткары, расмий өкүлдөр билдиргендей, Индонезиянын Ява деген аралында жанар тоо атылып, 28 киши каза тапты, ондогондору жаракат алды.

XS
SM
MD
LG