Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

АКШда Ирандын Бушер АЭСи боюнча маселе жок


Бул тууралуу Вашингтондогу маалымат жыйыны учурунда мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Бирок Клинтон кошумчалагандай, Вашингтон Ирандын Натанз, Ком жана башка жерлердеги жашыруун өзөктүк жайларынан тынчсызданат. АКШ бийликтеринин ишениминде, Иран андай жайларында өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасап жатышы мүмкүн. Мунун алдында кечээ Иран Орусиянын жардамы менен курулган Бушер АЭСинин реакторуна өзөктүк отун жүктөй баштаганын жарыялаган эле. Бул АЭСти өзөктүк отун же байытылган уран менен да Орусия камсыздайт жана ал иштетилгенден кийин кайра алып кетет. Иран өкмөтү өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG