Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Баткен: жайыт акыдан 2 млн. сомдон ашык каражат топтолду


Жайыт департаментинин облустук өкүлү Иса Гапаров быйыл жалпысынан жайыт акылары үчүн жыйналган каражат 2 миллион 157 миң сомду түзгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Ал эми кошуна Тажикстандан жайыттын ижарасы үчүн түшкөн каражаттын өлчөмү азырынча тактала элек. Ошол эле учурда расмий Ташкен Кыргызстандын жайыттарын пайалануудан баш тарткандыктан жергиликтүү казынага Өзбекстандан каражат быйыл түшкөн эмес. Май айындагы жайыт талаштан чыккан чырга байланыштуу Өзбекстандын Хушяр айылынын мал жандыктарына гана жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилип, ижара акы үчүн 54 миң сом төлөнгөн.

Жергилкитүү малчы Кудайберди Мусаев Өзбекстан Кыргызстандын жайыттарын пайдалануудан баш тараткандыгына байланыштуу кошуналардын мал жандыктары өлкөнүн аймагына мыйзамсыз кирип, пикир келишпестиктерди жаратышы ыктымал деген пикирде. (JsA)

XS
SM
MD
LG