Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Казакстанда кыргыз жаранына айып салынды


Алматынын Медеу райондук соту кыргызстандык айдоочу Александр Паленыйды полицияны кордогон жеген жүйөө менен 425 миң теңге же 3000 доллардай айыпка жыкты. Сот өкүмү кечээ кечинде чыгарылган. Ал ошондой эле мамлекеттин филологиялык экспертиза үчүн кеткен 12 миң теңгесин да кайтарып бериши керек. Сот айдоочудан айыпты төлөмөйүнчө эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алды. Александр Паленый казак соту тарабынан видеотасманын негизинде күнөлүү деп табылды. Интернеттеги YOTUBE сайтына коюлган тасмада кыргызстандык айдоочу менен Казакстандын МАИ кызматынын эки инспекторунун кайым айтышуусу чагылдырылган эле. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG