Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Шайлоонун расмий жыйынтыгы бул аптада чыгары анык эмес


БШК төрагасы Акылбек Сариев бүгүн “АКИпресс” агенттигине берген интервьюсунда эгер жетишсе, комиссия муну апта аягына чейин жасарын, болбосо дагы күтүүгө туура келерин белгилеген. БШК төрагасы ага катар жыйынтык “кимдир бирөөлөрдүн” талабы менен чыгарылбасын, муну “миңдеген адам катышкан митинг да тездетпей турганын” кошумчалаган. Мунун алдында президент Роза Отунбаева баштапкы маалымат боюнча парламентке кирери айкын болгон беш партиянын СДПКдан башка төртөөсүнүн лидери жана БШК төрагасы менен өткөргөн кеңешменин соңунан “Кабарлар” радиосуна берген интервьюсунда “шайлоонун расмий жыйынтыгы ушул апта соңуна карата чыгат, маалыматтарда тактоодо олуттуу өзгөрүүлөр болбой турганын көрүп жатабыз”,- деп айткан эле. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгы кечеңдешин добуш берүү протоколдору текшерилип, такталып, аларда толтурууда участкалык комиссиялар кетирген каталар оңдолуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG