Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Роза Отунбаева тезирээк коалиция түзүүгө чакырды


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 27-октябрда өзүнүн видео күндөлүгүндө билдирип, добуш берүүнүн жыйынтыгы ушул жумада чыгып калышы ыктымал экенин айтты. Президент шейшемби күнү шайлоодо жеңген төрт партиянын лидерлери менен жолугушканын, анда жаңы парламенттин мүчөлөрү мандат алгандан кийин тез, кыска мөөнөттүн ичинде парламенттик жана коалициялык өкмөт түзүүгө үндөгөнүн баса белгиледи.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өткөн. Ага 29 партия катышып, бешөө парламентке өтүүгө жол ачкан беш пайыздык чектен өттү деп айтылууда. Азыр шайлоодо жеңген Социал-демократтар менен “Республика” партиялары бириге турганын жарыялашты. Толук коалиция түзүү үчүн эми аларга үчүнчү партия керек болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG