Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Ооганстанда той маалында чоң кырсык болду


Ооганстанда үйлөнүү тою маалындагы капылет кырсыкта 60 киши каза тапты. Баглан провинциясындагы той өтүп жаткан үч кабат тамдын чатыры кыйраганда дагы 40тай адам жарадар болгонун Ооган Кызыл крест коомунун башчысы Хамид Ниязи билдирди. Алардын көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар. Багландын губернатору Мунши Абдул Мажид кыштактагы тойдо 40 киши набыт болгонун тастыктады.

XS
SM
MD
LG