Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

АКШда террорчу деп шектелген жаран кармалды


Вашингтондо теги пакистандык АКШ жараны террордук чабуулдарды уюштурмак болду деп шектелип, камакка алынды. Полициянын билдиришинче, Виржинияда жашаган 34 жаштагы Фаруки Ахмад быйыл апрелден бери бомба чабуулун даярдоо максаты менен Вашингтондун атрабындагы метролордун станцияларын сүрөткө тартып жүргөн. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин сөзүнө караганда, Юстиция министрлиги жана чалгындоо кызматтары башынан эле Фарук Ахмаддын иштеринен кабардар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG