Дагестан милициянын мыйзамсыз иштерин жана адам укугун бузууларды чагылдырган материалдарды даярдаган тележурналист Зарема Гасанова ага коркутуп-үркүтүүлөр болгонун билдирди. Журналисттин айтышынча, ага SMS кат жөнөтүп жана телефон чалышып: “Тойгуздуң. Тилиңди кесебиз. Атып салабыз”,-деп коркутушкан. Дагестан Россиянын эң коогалуу аймагы. Күн сайын аткылашуулар жана кол салуулар болуп турат. Былтыр “Хакикат” гезитинин журналисти Малик Ахмедиловду белгисиз бирөөлөр атып кеткен.