Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

БШК төрагасы шайлоо жыйынтыгы бүгүн-эртең чыкпасын жарыялады


Акылбек Сариев бардык облустар боюнча шайлоо протоколдорундагы каталарды оңдоо жараяны аяктай электигин бүгүн “Кыргызстан: жаңы чындык” деген форумда билдирди. Ал ошондой эле саясий партияларды шайлоонун жыйынтыгын талап кылуу менен өлкөдөгү кырдаалды чыңалтпоого чакырды. БШК төрагасы бир нече миңдеген кишини аянтка алып чыгып, шайлоонун жыйынтыгын талап кылуу – шайлоо жыйынтыгын чыгарууну тездетпесин белгилеп, эгер митингчилер өзүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылса, талапты аткарышы ыктымалдыгын да жашырбады.

Бир катар партиялар 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы кечигип жатышын көшөгө артындагы оюндар менен байланыштырып, 27-октябрда массалык митинг уюштураарын билдиришкен. Президент Роза Отунбаеванын шайлоодо алдыга чыккан беш партиянын лидерлери менен жолугушуусунан кийин, митинг жылдырылган. Президент менен жолугушууга Социал-демократиялык партиянын лидери катышкан эмес.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG