Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Санпа окуясы боюнча айыпталуучулар көрсөтмө беришүүдө


Сузактагы “Санпа” пахта заводунун жанында болгон окуя боюнча айыпталып жаткан он тогуз кишинин алтоо сотто көрсөтмө берип, өздөрүнө коюлган айыптоолор негизсиз деп билдиришти. Айрымдары 13-июнь күнү заводдун жанында болбогонун, кыргыз-өзбек чек арасында жүргөнүн айтышса, кээ бирлери “мусулмандарды кагыштырган капырлар болгонун” айтышууда. Аларга сот, мамлекеттик айыптоочулар жана жабырлануучулар суроо берип жатышат деп кабарлайт сотко катышып жаткан кабарчыбыз.

13-июнда Сузактагы “Санпа” заводунун жанында болгон кандуу окуяда 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Бул иш боюнча он тогуз кишиге айып тагылган. Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту кароодо. Сот жараяны 30-сентябрдан бери Ноокенде өтүп жатат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG