Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Жайма базардагы кандуу окуя боюнча сот кийинки жумага калды


Ош шаардык соту бүгүн жайкы кыргында жайма базарда мыкаачылык менен эки кишини өлтүргөн деп шектелген беш адамдын үстүнөн соттук териштирүүнү улантты. Жараян учурунда сот төрагасынын адвокаттардын дарегине айткан сын пикирин жактоочулар атайын жасалган психологиялык чабуул катары баалашты. Айыпкерлердин бирөөнүн жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу көп уланбай процесс кийинки жумага калтырылды.

13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлгөн сөөгү 19-июнда Анжиян облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан табылган. Бул ишке байланыштуу беш киши айыпталууда, алардын ичинде ага-ини: 21 жаштагы Тахир жана 20 жаштагы Бабур Амановдор бар.(SA;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG