Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Индонезияда табигый кырсыктан каза тапкандар саны 400гө чукулдады


Индонезияда цунамиге улай бүрккөн жанар тоонун атылышынан набыт болгондордун саны 375тен ашты. Бийликтегилер 343 кишинин өлгөнү анык экенин, дагы 400дөй адам дайынсыз экенин билдирүүдө. Индонезиянын алыскы Ментави аралдарында дүйшөмбүдө күчү 7 жарым баллдык жер титирөө болуп, бир нече кыштакты жер менен жексен кылган. Вулкандын атылышынан өлгөндөрдүн көбү ошо маалда тоолордун рухуна сыйынып атайын жөрөлгөгө катышып аткан карыялар болгону кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG