Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Атактуу “Аватар” тасмасынын уландысы тартылат


Режиссер Жеймс Кэмерон кино тарыхындагы эң популярдуу тасма аталган “Аватар” фильминин экинчиси 2014-жылдын аягында экранга чыгаарын жар салды. Ал үчүн Кэмерон "ХХ кылым Фокс" студиясы менен келишимге кол койду. “Аватар-3” тасмасы андан кийинки, 2015-жылы көрөрмандарга сунушталат. Жер жүзүндөгү жашоочулар менен ойдон чыгарылган Пандора планетасынын узун бойлуу, көгүш түстөгү тургундары ортосундагы карама-каршылыкты баяндаган “Аватар” тасмасы азыркыга дейре дүйнөнүн булуң бурчунан 3 миллиард доллардай акча чогултуп, көркөмдүк жана эмоционалдык күчү жагынан кино өнөрүндөгү жаңы көрүнүш аталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG