Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Ошто жактоочулардын коопсуздук маселеси талкууланды


Жактоочулардын укугун коргоо боюнча жергиликтүү бийликтин жана тартип коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусу үчүн атайын механизм иштелип чыкмакчы. Бул боюнча Ошто өткөн жактоочулардын жана укук коргоочулардын жолугушуусунда айтылды. Мындай демилгени көтөргөн жактоочу Садык Махмудов акыркы убактарда сот жараяндарында авдокаттардын коопсуздугу сакталбаганын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү тартип коргоо органдары адвокаттардын коопсуздугун сактоодо жакшы иштей албай жатат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан 50гө чукул адвокат жана укук коргоочулар катышкан бул жолугушууда БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча кызматкерлери, ЕККУнун өкүлдөрү кесиптик ишмердүүлүк учурунда жактоочулардын укугун коргоо боюнча эл аралык тажрыйбалары менен бөлүштү.

Буга чейин июнь окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдө айыпталуучулар жана алардын адвокаттарына жабырлануучулар менен алардын туугандары күч колдонуп, сот жараяндары бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. 13-14-октябрь күнү Ош шаарында жабырлануучулар беш адвокатты, айдоочуну жана үч айыпталуучуну катуу сабап салышкан. Мындан кийин адвокаттар соттук териштирүүгө катышуудан баш тартып, коопсуздугун камсыздап берүү талабы менен бийликке кат жолдошкон. Ошондон бери сот жараяндарында коопсуздукту камсыздоо максатында көзөмөл күчөтүлүп, 50 кишиден кем болбогон атайын даярдыктагы кызматкерлер, аскерлер жана милиционерлер коштоп жүрүүдө. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG