Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

“Протоколдордун сапатына саясий партиялар да жооптуу”


Мындай билдирүүнү 28-октябрда Укук коргоочулар кеңеши таратты. Анда мыйзамга ылайык участкалык шайлоо комиссиялардын ишине аралашууга партияларда кеңири мүмкүнчүлүк болгону айтылат. Ошондой эле добуш берүү күнүндө документтерди сапаттуу толтуруу үчүн өздөрүнүн байкоочуларын тартууга шарты бар экени баса белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы партияларды бир канча жолу участкалык комиссияларды түзүү иштерине катышууга чакырган, бирок партиялар ага маани бербей үгүт иштери менен гана алек болуп алды. Бүгүн БШК шайлоо бекеттериндеги документтерди тактап ирээттеп жатат, ал эми партиялар муну түшүнбөй нааразылык акцияларды өткөрөрүн айтып коркутуп жатат, деп айтылат билдирүүдө. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG