Президент Роза Отунбаева буга чейин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жуманын этегине чейин чыгарылышы мүмкүн деп билдирген. Кечээ биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жаңы парламент дүйшөмбүдөн тарта ишке кириши ыктымал экенин айтты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев шайлоо жыйынтыгы ушул жумада чыгары анык болбогонун маалымдап жатат. 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу айрым протоколдорду текшерүү, шайлоо участкаларда кетирилген каталарды табуу иштеринин айынан кечеңдеп жатат. Ал арада шайлоо жыйынтыгын чыгаруунун кечеңдешине нааразылангандар чыгууда. “Ар-намыс” партиясы жума күнгө карай добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкпаса БШКнын алдында митингге чыгарын эскерткен болчу. (EBM)