Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Тажикстанда үч согушчан жок кылынды


Тажикстандын Кыргызстанга чектеш Исфара районунда милициянын кечээ күнкү рейди учурунда үч согушчан жок кылынды. Райондун аткылашуу болгон Чорку кыштак өкмөтүнүн башчысы Немат Омаров “Азаттыктын” Тажик кызматына берген интервьюда: “Октон өлгөндөрдүн бири исфаралык. Азыр анын кайсы кыштактан экени такталууда. Бирөөнүн жасаты тез жардамдын машинесине жүктөлдү. Бардыгы үч жасат болду”,-деп билдирди. Омаровдун айтышынча, бир согушчан колго түшүп берген жана бир согушчан камоодон качып кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Кыргызстан Баткен облусундагы коопсуздук чараларын күчөткөнү маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG