Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн көзөмөлдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы чек ара кызматынан маалымдашты. Көзөмөл Кыргызстан менен чектеш Исфара районунда Тажикстандын атайын күчтөрү куралдуу топту жок кылуу операциясын өткөрүп жатканына байланыштуу күчөтүлдү. Куралчан топтун Кыргызстанга өтө качуусун алдын алуу үчүн чек арачыларга милиция кызматкерлери кошумча күч катары жиберилген.

Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш айлындагы бир үйдө куралчан топ жашырынып жатат деген маалымат боюнча атайын күчтөр операция жүргүзгөн. Акыркы маалыматтар боюнча куралчан топтогу 11 кишинин төртөө жок кылынган, алардын бири аял болгону айтылууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG