Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Эртең Бишкекте “Ынтымак” деп аталган аңчылык майрамы болот


Анда кыргыздын улуттук аңчылык спорт түрлөрү – куш салуу, тайган агытуу жана мергенчилик боюнча эл аралык мелдеш болот. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиришкени боюнча, мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, коңшулаш Казакстандан аңчылар катышмакчы. Бишкектеги “Аккула” ат майданында боло турган фестивалда мындан тышкары көчмөндөрдүн улуттук ат оюндары: кыз куумай, жорго салыш жана кыргыз күрөш боюнча мелдеш уюштурулат.

“Ынтымак” аңчылык майрамы Бишкек шаардык мэриясынын жана “Санат Кумай” федерациясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG