Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Аба ырайы: Айрым жерлерге жаан жаап, тоолорго кар түшөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 30-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18 даража жылуу болот. Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13 даража жылыйт, Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17 даража жылуу, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2...7 градус жылуу, күндүз 15...20 даража жылуу болот. Нарында түнкүсүн -3 градустан +2 даражага чейин жылыйт, күндүз 8...13 даража жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн 8...13 даража суук, күндүзү -3 градустан +2 даражага чейин жылыйт.

30-октябрда Бишкекте эртең менен жаан жаашы ыктымал, күндүзү дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн 5...7 даража жылуу, күндүз 14...16 градус ысыйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG