Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

БУУнун качкындар агенттигинин өкүлдөрү түштүктө


БУУнун качкындар агенттигинин Азия жана Тынч океан бюросунун директору Касидис Рочанакорн, аталган бюронун улук координатору Френк Ремас БУУнун качкындар комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлү Фридрих Шоддердин коштоосунда бүгүн Ошто болушту. Алар Оштогу июнь коогалаңында жабыркагандарга жардам берип жаткан БУУнун кеңселеринин иши менен таанышты. Мындан тышкары Оштогу Мады айлында болуп, БУУнун жардамы менен курулуп жаткан турак-жай, имараттардын курулушуна күбө болушту. Ошондой эле БУУнун качкындар агенттигинин өкүлдөрү облустагы бейөкмөт уюмдар, Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушту. Делегация эртең түштөн кийин Жалал-Абад облусуна барат.

БУУнун качкындар агенттигинин Азия жана Тынч океан бюросунун директору Касидис Рочанакорн Кыргызстандагы качкындардын абалы менен таанышуу жана кыргыз бийлиги менен мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо максатында 27-октябрда келген. БУУнун качкындар комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Наталья Прокапчук “Азаттыкка” билдиргендей, Касидис Рочанакорндун дүйшөмбү күнү өлкө президенти Роза Отунбаева менен жолугушуусу белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG