Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Иран сүйлөшүүлөргө макул болду


Муну Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон ырастады. Ал иран бийликтеринен ырасмий кат алган, анда 10-ноябрдан кийин Тегеран каалаган мезгилде "алтылыктын" өкүлдөрү менен жолукканга даяр экенин кабарлаган. Эштон өзү да мындан мурдаарак Ирандын жогорку даражалуу өкүлү Саид Жалилиге кат менен кайрылып, сүйлөшүүлөрдү Венада 15-17-ноябрда өткөрүүнү сунуш кылган эле. Дүйнөлүк алты өлкө - АКШ, Британия, Франция, Кытай, Россия жана Германия - Ирандан өзүнүн атом программасынын жайчылык максаттарга багытталганын далилдөөнү талап кылып келатышат.

XS
SM
MD
LG