Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Санжар Бакиевдин соту уланып жатат


Бир нече күндөн бери Бишкек аскердик гарнизондук сотунда жабык эшик артында өтүп жаткан процесс аяктоого чукулдап калды. Санжар Бакиевдин коомдук коргоочусу Бүайша Арстанбекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү аяктады. Кийинки соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөзгө чыгуусу күтүлүүдө.

Мурдагы президент К. Бакиевдин бир тууганы Жусуп Бакиевдин уулу, 27 жаштагы Санжар Бакиев менен кошо мурдагы президенттин дагы башка бир тууганы Акмат Бакиевдин жансакчысы Мирлан Ахмедов, ошондой эле Бектурсун Келдибеков, Замир Нуруев, Базарбай Арзыкулов соттолууда. Аларга 14-майда Жалал-Абад облусунда "башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз курал алып жүргөн" жана "бийликти тартып алууга аракет кылган" деген айыптар тагылган.

С. Бакиевге байланыштуу соттук териштирүү 1-ноябрда уланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG