Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Шайлоонун жыйынтыгы бүгүн чыккан жок


БШКнын бүгүнкү жыйынында протоколдордогу катачылыктар боюнча маалымат берилип, кошумча жана негизги тизмедеги жалпы шайлоочулардын так эсеби маалымдалды. Ага ылайык бардык эсеп-саноолордон кийин жалпы шайлоочулардын саны 3 млн. 036 миң деп такталды. Мунун ичинен 2 млн. 837 957 шайлоочу негизги тизме боюнча. БШК мүчөсү А. Мамараимовдун айтуусунда, шектүү болуп жаткан дагы 3-4 шайлоо участогу бар, алар чет мамлекеттерде жайгашкан жана Сузактагы шайлоо участогу. Мына ушулар толук каралып бүткөн соң гана, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылат, деп билдирди БШК мүчөсү “Азаттыктын” кабарчысына.

Буга чейин президент Роза Отунбаева 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы ушул жуманын соңуна дейре чыгаарына үмүт артаарын билдирген эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG