Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Кыргызстандын айрым элчиликтери президентке жана БШКга кат жолдоду


Лондон шаарындагы №038, Украинадагы №022, Ирандагы №043 шайлоо участокторундагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жокко чыгарылганына байланыштуу бул өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтери тынчсыздануу билдиришти. Билдирүү ээлери дээрлик бир ооздон БШКнын бул чечими негизделген “жарандар шайлоого чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү паспорт менен коё берилбейт” деген себеп ынанымдуу эместигин белгилешет. Билдирүүлөрдө кыргызстандык жарандар чет мамлекеттерге дал ушул чет жакка чыгууга уруксат берүүчү паспорт менен чыгышары, бул паспорт дагы кыргыз мамлекетине таандык, Кыргызстандын жаранынын укугун жана эркиндигин коргоочу документ болуп эсептелери айтылат. Кыргызстандын Лондондогу элчилиги БШК шайлоонун алдында чет жактагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу иштерин жүргүзбөгөнүн белгилейт. Ал эми Киевдеги №022 шайлоо комиссиясы бул участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу менен БШК Украинадагы кыргызстандыктардын эркиндигин чектейт, Башмыйзамдын 2-беренесине каршы келет деп билдирип, аталган участок боюнча чыгарган чечимин кайра карап чыгуусун БШКдан өтүнгөн. Ал эми Тегерандагы №043 участкалык шайлоо комиссиясы кыргызстандык жарандар ички паспортторун негизинен Кыргызстанда калтырып келишерин белгилейт. Ушундай эле маңыздагы кайрылуусун Дубайдагы Башкы консулдук да билдирип, БШКнын чечими сырт жактарда убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктардын укугун бузууга жатарын бекемдеген.

БШК чечимине нааразылыгын билдирген кайрылууну Орусиядагы элчилик аркылуу Москва шаарындагы эмгек мигранттары да жиберишкен. Алар БШК тарабынан Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы шайлоо участокторунун жыйынтыктары жокко чыгарылышына нааразы. Алар 10-октябрдагы парламенттик шайлоо эч кандай мыйзам бузууларсыз өткөнүн белгилеп, кыргызстандык жарандар мамлекеттин келечеги үчүн берген добушун БШК жокко чыгарууга акысыз деп эсептешет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG