Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Эл аралык экология жыйыны туюкка кептелди


Япониянын Нагойа шаарында өтүп жаткан конференцияда Улуттар Уюмунун биологиялык конвенциясына кирген 190 өлкөнүн өкүлдөрү корутунду документти макулдаша албай жатышат. 20 пункттан турган документте жоголуп бараткан экологиялык системалар менен биологиялык түрлөрдү сактап калуунун шарттары каралган. Өнүгүп жаткан өлкөлөр "үчүнчү дүйнөнүн" ресурстарын пайдаланып жаткан компаниялардын кирешесинде өздөрүнүн үлүшүн көбөйтүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG