Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

2011-жылдын аягына чейин Кордой-Мерке жолу жабылды


Бул тууралуу Казакстандын транспорт жана байланыш министрлиги билдирет. 2010-жылдын 29-октябрынан тарта Кордой-Мерке жолунун 262-352-чакырымында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тилке Өзбекстан Республикасына чектеш Чымкент-Тараз-Алматы-Хоргос жол каттамына кирет. Ал жол Кыргызстандын аймагына чектеш Көкпек, Көктал, Благовещенка бекеттери аркылуу өтөт.

Эми Алматы-Чымкент каттамы республикалык маанидеги Чу-Благовещенка жана Мерке-Чу-Бурылбайтал аркылуу өтөт. Бул болсо жол узактыгын 57 чакырымга узартат. Бул жол каттамы 2011-жылдын 1-декабрынан баштап кайрадан пайдаланууга берилет.

XS
SM
MD
LG