Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

Карзай Россия менен АКШдан түшүндүрмө талап кылды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай АКШ менен Россиянын Кабул өкмөтүнөн уруксат албастан маңзаттарга каршы операция өткөрүшүнө байланыштуу НАТОнун Ооганстандагы командачылыгынан түшүндүрмө талап кылды. Анын алдында Москванын баңги заттарга каршы күрөшүү мекемесинин жетекчиси Виктор Иванов Россия менен АКШнын Ооганстандагы биргелешкен операциясынын алкагында маңзаттардын 4 лабораториясы жок кылынганын билдирген. Ивановдун айтымында, рейд маалында 250 миллион долларга бааланган 1 тоннадан ашуун героин менен морфин колго түшүрүлгөн. Россия АКШ жана НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн маңзаттарына каршы саясатын сындап келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG