Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Төмөнкү Чүй айылында жыйында чырды териштирген жатышат


"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча ушул тапта эл айылдык мечитке чогулуп, жыйынга айыл өкмөтү Рамзан Басаров келди. Жыйналышка Сокулук районунун акиминин да келиши күтүлүүдө. Жыйында кечээки жол талаштан чыккан чыр талкууланат.

Бүгүн тартип бузду деп кармалган үч айыл тургуну бошотулду. Буга чатактан жарат алып, борборубуздагы №4 ооруканада жаткан Сабилла Гапаровдун аялы Шарапат Гапарованын арызын кайтарып алгандыгы себеп болгон. Шарапат Гапарова “Азаттыкка” айылдын ынтымагы үчүн берген арызын кайрып алгандыгын билдирген.

Кечээ түштөн кийин айылда жол талаштан чыр чыккан. Азырынча чырдын чыгышы боюнча айыл тургундары да милиция да так маалымат бере элек. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG