Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Йеменде шектүү эки аял кармалды


Йемендин коопсуздук кызматы жардыргыч зат салынган аманат баштыктардын АКШга жөнөтүлүшүнө байланыштуу шектүү адамдарды издөөнү улантууда. Буга чейин 22 жаштагы студент кыз кармалганы маалымдалган. Дагы бир кабарларга караганда, аны менен кошо энеси да камакка алынды. Йемен полициясы алар жасалма документ жана паспорт алып жүрүшкөн деп болжолдойт.

Учак менен жиберилген аманаттар жума күнү Британия менен Дубаиде колго түшүрүлгөн. Йемендин президенти Али Абдулла Салех кабарчыларга билдиргендей, анын өлкөсү шериктери менен бирге Ал-Кайидага каршы күрөштү уланта берет. Ошол эле маалда ал ал-кайидачыларды кармайбыз деген максат менен Йемендин ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбейт деп белгиледи.

Британиянын бийлиги Лондондо табылган бомба учакта жарылгыдай кылып жасалганын маалымдады. Ага чейин Дубаи полициясы экинчи пакетте да жардыргыч зат табылганын бышыктаган. Бир катар өлкөлөр Йеменден жүк ташыган учактарга тыюу салды. АКШнын почта кызматы ал өлкөдөн посылка, каттарды ташууну убактылуу токтотту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG