Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Норвегиялык дипломат Кыргызстанга иш сапары менен келди


Норвегиянын Казакстандагы элчиси Даг Малмер бүгүндөн тарта 3-ноябрга чейин Кыргызстанда иш сапары менен болмокчу. Аны ЮНИФЕМдин КМШ мамлекеттери боюнча аймактык директору Дамира Сартбаева коштоп жүрмөкчү.

Иш сапардын максаты – Норвегия өкмөтү каржылап аткан “Кыргызстандагы айылдык аялдардын экономикалык коопсуздугун жогорулатуу” аттуу долбоордун ишке ашуусу менен таанышуу. Даг Малмер иш сапарынын алкагында аялдарды колдоого багытталган бир канча чакан долбоорлордун ачылышына катышмакчы. Бул тууралуу ЮНИФЕМдин Бишкектеги кеңсесинен маалымдашты. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG