Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Исхак Раззаковго арналган юбилейлик тыйындар чыгат


Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында “Исхак Раззаковго 100 жыл” деп аталган мааракелик тыйындар чыгарылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Буга чейин Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына карата бир катар илимий-практикалык конференциялар, талкуулар, китеп көргөзмөсү уюштурулган болчу. Эми ноябрь айында да бир катар иш-чараларды өткөрүү, Баткен облусунда ага арналган эстелик ачуу, Исхак Раззаков атындагы музейди оңдоо сыяктуу иштерди жасоо пландалууда.

Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. Ал 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келип, 1979-жылы дүйнө салган. (IJz)

XS
SM
MD
LG