Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

БШК бүгүн шайлоо жыйынтыгын чыгарышы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин маалым болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыктары көп деле өзгөрбөйт. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодо өткөн жок.

Автоматташкан "Шайлоо" системасынынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, беш пайыздык чектен өткөн беш партиянын ичинен биринчи орунда “Ата-Журт”, экинчи КСДП, үчүнчү “Ар-Намыс”, төртүнчү “Республика” жана бешинчи болуп “Ата Мекен” партиясы турат.

БШК 10-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктарын чыгарбай, 20 күндөн ашуун убакытка созду. Бул өз кезегинде айрым партиялардын нааразычылыгын жаратып, “Ар-Намыс” партиясы тез арада жыйынтыктарды чыгарууну талап кылган. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы беш пайыздык чектин бийиктеп кеткенине каршылыгын билдирип, бир канча күн митинг-пикеттерди өткөргөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG