Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Багдаддагы атайын операция учурунда 37 адам каза тапты


Багдаддын борборундагы католик чиркөөсүнө коопсуздук күчтөрү барымтада калган ондогон адамдарды бошотуу үчүн чабуул жасашты. Маалымат агенттиктеринин кабарларында айтылгандай, өлгөндөрдүн жыйырма беши барымтада калгандар, жетөөсү коопсуздук күчтөрүнөн, бешөөсү кол салгандар. Куралчан адамдардын тобу кечээ оболу акча алмаштыруучу жайга кол салып, эки сакчыны мерт кылган соң чиркөөгө качып кирип кетишкен эле. Ирактын ички иштер министрлиги алардын барымтасында 40тай адам калгандыгын билдирген. Куралчандар келген учурда чиркөө ичинде жекшембилик кечки диний жөрөлгө катышуу үчүн чогулган 100дөй киши болгон. Маалыматтарга караганда, барымтачылар “ал-Каиданын” абактагы согушкерлерин бошотууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG