Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Жылуулук бериле баштады


Бишкек ТЭЦинин маалымат катчысы Кубан Жакыповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнтөн тартып жалпы Бишкекти жылуулук менен камсыздоо жараяны башталды. Жылуулук алгач бала бакчаларга, ооруканаларга, мектептерге жана башка социалдык обьекттерге берилет. Андан кийин “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы тарабынан улам жаңы аймактар кошулат, Бишкек ТЭЦи ага ылайык кубаттуулугун арбытат. Бир жуманын ичинде шаар толук жылуулук менен камсыз болот дейт К. Жакыпов.

Бишкек, Ош ТЭЦтери 1-ноябрдан тартып жылуулук мезгилин баштоого даяр экени өткөн аптада маалымдалган. Бишкектиктер жылуулук үчүн 1 гикакалорийге 750 сомдон төлөшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG