Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Мамлекеттик айыптоо Санжар Бакиевге 25 жыл сурады


Бүгүнкү соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Аягында мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президенттин тууганы Санжар Бакиевди 25 жыл эркинен ажыратууну соттон сурады. Анын жан-жөкөрү деп эсептелген Бектурсун Келдибековду 20 жылга, мурдагы президенттин дагы башка бир тууганы Акмат Бакиевдин жансакчысы Мирлан Ахмедовду, Замир Нуруевди жана Базарбай Арзыкуловду сегиз жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Санжар Бакиевдин коомдук коргоочусу Бүайша Арстанбекова сот учурунда мамлекеттик айыптоочулар Санжар Бакиевге тагылган “массалык баш-аламандыкты уюштурган,” “куралдуу кошуун түзгөн”, “элге каршы ок аткан” деген айыптарды далилдей алышкан жок деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Анын берген маалыматы боюнча, сот бул иш боюнча өкүмдү эртең чыгарышы ыктымал.

Белгилүү болгондой Санжар Бакиев баштаган беш кишиге 14-майда Жалал-Абад облусунда «башаламандык уюштурган», «мыйзамсыз курал алып жүргөн» жана «бийликти тартып алууга аракет кылган» деген айыптар тагылган. Санжар Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG