Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:45

Ирактагы чиркөөдө 52 киши курман болду


Согушкерлер Багдаддагы католик чиркөөсүндө 120 чакты христианды барымтага алып, куткаруу операциясы маалында бери дегенде 52 адам набыт кетти. Согушкерлер адегенде Ирактын биржасына кол салып, кийин чиркөөнү ээлеп алышкан. Окуя кечээ кечинде болгон. Ирактын ички иштер министринин орун басары генерал Хуссейн Али Камалдын айтымында, 67 киши жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында 1 динаятчы, 10 полициячы бар. Коргоо министри Абдул Кадер ал-Обейди жапырыкты Ал-Кайида ишке ашырганынан күмөн жок деп билдирди:

- Бардык табылган далилдер чабуулга Ал-Кайиданын тиешеси бар экенин көргөзүүдө. Балким, чиркөөнүн ичинде аларга көмөктөшкөндөр бар болчу, аны тергөө аныктайт. Азыр далилдерди чогултуп жатабыз. Америкалык күчтөрдөн тергөөгө жардам берүүнү өтүндүк.

Кечээ кечинде согушкерлердин вебсайтында жарык көргөн билдирүүдө кол салуу үчүн жоопкерчиликти Ал-Кайида менен байланышы бар уюм өзүнө алганы кабарланды. Рим папасы Бенедикт Оналтынчы кол салууну “ырайымсыздык” деп айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG