Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Орус президенти талаштуу Курил аралдарына барды


Президент Дмитрий Медведевдин Курил аралдарына барышы Япония бийлигинин нааразылыгын жаратты. Россия менен Япония аралдарды көптөн бери талашып келатышат.

Премьер-министр Наото Кан Медведевдин визитине байланыштуу өкүнүчүн билдирди:

- Биз бул 4 арал тең Япониянын аймагы деген позициябызда бекем турабыз. Президенттин ал жакка баруу чечими өтө өкүнүчтүү.

Россиянын Токиодогу элчиси Япониянын тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Токионун реакциясы "кабыл алынаарлык эмес, Курил аралдары Россиянын аймагы, президент орус жергесине барды", - деди. Ал Япониянын Москвадагы элчилиги министрликке чакыртылып, Россиянын позициясы тууралуу кабардар кылынат деп кошумчалады.

Талашка түшкөн аралдар Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягында СССР тарабынан оккупацияланган. 1946-жылдан бери Курил аралдары Россиянын Сахалин облусунун курамына кирет. Япония аларды кайтарууну талап кылып келатат. Талаштын айынан эки өлкө ортосундагы тынчтык келшимине расмий түрдө кол коюла элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG