Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Коогалаңга катышкан милиция кызматкерлери сыйланды


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык, июнь айындагы коогалаңда өзүн көрсөткөн бир катар милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен коогалаң маалында курман болушкан милициянын полковниги Адылбек Султанов, капитан Мыктыбек Сулайманов жана старшина Уран Шамурзаев сыйланды. Ошол коогада ажал тапкан дагы алты милиция кызматкери “Эрдик” медалы менен, ушундай эле медалдар менен чечкиндүү аракеттерди жасашкан дагы тогуз милиция кызматкери сыйланды. Дагы бир ИИМ кызматкери Баходира Тангатарова ардак грамота менен сыйланды. (IJz)

XS
SM
MD
LG