Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Жапон премьери орус президенти менен арал чатагына карабай жолугат


Жапон өкмөтүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, премьер- министр Наото Кан орус президенти Дмитрий Медведев менен анын талаштуу аралдарга барганына байланыштуу Жапонияда талкуулар күчөгөнүнө карабай жолугары күтүлүүдө. Медведев эки өлкө ортосунда талашка түшүп келе жаткан төрт аралдын бирине кечээ барган эле. Бул Орусия мамлекет башчысынын Түштүк Курилге жасаган алгачкы сапары болду. Жапонияда Түштүк Курилди өлкөнүн Түндүк аймактары деп аташат.

Орус президентинин Жапонияга 13-14-ноябрда АПЕК ( Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык) уюмунун саммитине катышуу үчүн барары мерчемделген.

Вашингтондон Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроули АКШ Орусия менен Жапонияны талашын чечүү үчүн сүйлөшүүгө бир нече жылдан бери чакырып келе жатканын белгиледи.

Мурдагы СССР Куриль аралдарын Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунан ээлеп алган. Жер талаш Москва менен Токио согуштун бүтүшүн документтештирген расмий келишимге кол койуусуна азыркыга чейин мүмкүндүк бербей келүүдө.

XS
SM
MD
LG