Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Жогоку Сот Данияр Дунгановдун ишин кароону 9-ноябрга жылдырды


Мурунку мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунгановдун иниси, “Күч структуралар биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Арстан Дунгановдун “Азаттыкка” билдиришинче, сот отуруму бүгүн болмок. Бирок сот иш менен толук таанышып бүтө элек деген себеп менен сот жараяны башка күнгө жылдырылды. Ушул тапта Данияр Дунгановдун жакындары, туугандары жана чогуу иштегендери Жогорку соттун алдына чогулуп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка чыкпайт деген кепилдик менен үй камагына чыгаруу талабы менен турушат.

Мамлекеттик күзөт кызмат башчысынын орун басары Данияр Дунгановго 7-апрель күнү бийликтин башкаруу режимине каршылыгын билдирип чыккан элге ок аткан деген айып тагылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG