Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ак-Жар жаңы конушунун тургундары жолду ачты


“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, Ак-Жардын координатору Таалай Куштаев бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп келген. Жолугушууда жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин конуштун көйгөйлөрүн чечип берүү үчүн каражат бөлүнөрү айтылган. Бул туурасында Таалай Куштаев 100гө чукул чогулган тургундарга билдиргенден кийин алар тарап кетишти.

"Дордой" базарынын жанындагы чоң жолду кечээ Ак-Жар жаңы конушунун тургундары жаап, электр энергиясы, суу, жол маселесин чечип берүүнү талап кылып чыгышкан. Ак-Жар жаңы конушу 2005-жылы өз алдынча жер басып алгандардын жерлерин мыйзамдаштырып берүүдөн кийин түзүлгөн. Жашоочулардын айтуусунда, конушта 3,5 миңге жакын турак-жай бар.(AzK)

XS
SM
MD
LG