Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

КТРК башчысынын ордуна ачык сынак жарыяланды


КТРКнын Байкоочу кеңеши муну менен экинчи жолу сынак жарыялап жатат. Сынак ачык түрдө, массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Бирок анын качан болоору азырынча так айтылган жок.

Буга чейин болгон сынакка 22 талапкер катышып, 2-айлампага 4 талапкер чыккан. Анда Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна мурдагы президент К. Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков ээ болгон. Бул ошол эле Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктарды жараткан соң Илим Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган. Байкоочу кеңеш болсо бул сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тарта жаңы сынак жарыялоо чечимине келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG