Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Кыргызпатент автордук укук боюнча түшүндүрмө берет


Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 5-ноябрда журналисттер үчүн “Маалымат каражаттары жана автордук укук” аттуу түшүндүрмө иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет. Иш-чара алкагында кантип автордук укукту мыйзамсыз колдонуулардан сактоо керектиги, кандайча башка бирөөнүн автордук укугун бузуп албоо керектиги жана Кыргызстанда автордук укуктардын корголушуна эмне тоскоол болуп аткандыгы талкууланмакчы. Талкуу маалында Кыргызпатенттин адистери бул маселе боюнча кеңири маалымат беришет. (IJz)

XS
SM
MD
LG