Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

АКШ Ирандын аялды дарга асуу ниетин айыптады


Ак үй жасаган билдирүү ирандык Сакине Мохаммади Аштиани ысымдуу аялдын иши менен байланыштуу. Ал мекенинде жубайынын көзүнө чөп салган деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. АКШнын билдирүүсүндө Вашингтон иран өкмөтүнүн Аштианини дарга асуу планын кескин айыптары, анын иши боюнча сот адилеттүү болбогону белгиленген. Эки баласы бар Аштианинин өлүм жазасына кесилиши эл аралык коомчулуктун катуу нааразылыгын жараткан эле. Соттун алгачкы чечими боюнча өкүм таш менен уруу аркылуу ишке ашырылмак. Бирок кечээ адам укугун коргоочу бир катар уюмдар өкүм шаршемби күнү дарга асуу аркылуу аткарылышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Расмий Тегеран бул маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG