Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Жалпы улуттук конгресс шайлоо жыйынтыгын тааныбайт


Бул тууралуу конгресстин айрым өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйында билдиришти. Шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын, бул боюнча сотко кайрылышарын баса белгилешти. Алардын пикиринде, парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуулар менен өттү. Бул мыйзам бузуулар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына бир топ кайрылууларды жөнөтүлгөн, бирок БШК аларды толук карабай туруп шайлоонун жыйынтыгын жарыялады, дешти конгресс өкүлдөрү. БШК өз кезегинде мындай дооматтарды четке кагууда. Жалпы улуттук конгрессти парламенттик шайлоодо аз добуш алып парламенттке өтпөй калган айрым партиялар негиздеген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG